Санжар Муканбетов вице-премьерликке дайындалды

Тийиштүү Жарлыкка президент кол койду
Sputnik

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik.Санжар Муканбетов вице-премьер-министрликке дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Председатель Государственной службы регулирования и надзора за финансовым рынком КР Санжар Муканбетов

Ага ылайык, тийиштүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Белгилей кетсек, 10-январда Жогорку Кеңеш Муканбетовдун талапкерлигин вице-премьерликке жактырган. Ал буга чейин Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөл кылуу кызматын жетектеп келген.