БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Ош шаарындагы Кытай грантына курулуп жаткан 150 орундуу оорукананын курулуш иштери аягына чыкканы калды. Бул туурасында Ош мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Ош калаасындагы Ак-Тилек аймагына түшүп жаткан бул объектинин курулушуна 1 миллиард 800 миллион сом акча жумшалмакчы. Комплекстин жалпы аянты 25, ал эми курулуштун аянты 12 жарым миң чарчы метрди түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Оорукана 150 бейтапка ылайыкташтырылып, күнүнө 200 бейтапты кабыл алууга мүмкүнчүлүгү болмокчу.
Маалыматта курулуш иштерин кытайлык "ТОП Интернэшнл Инжиниринг Корпорация" аттуу ишкана жүргүзүп жаткандыгы жана ал июнь айында аяктары айтылган.