Муфтият быйыл зыяратчыларды ташуу үчүн авиакомпанияларга конкурс жарыялады

Конкурс бир айга созулат
Sputnik

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2018-жылы зыяратчыларды жеткирүү үчүн Кыргызстан менен Сауд Аравиянын улуттук авиакомпанияларына конкурс жарыялады.

Конкурс туура бир айга созулуп, 12-январдан 12-февралга чейин уланат.

"Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилген арыздар кабыл алынбайт", — деп муфтият эскертет.

Ажылык сапарга барчуларга 11 "болбойт"
Конкурстун жыйынтыгы 14-февралда чыгарылат.

Учурда муфтий Максатбек ажы Токтомушев баштаган муфтияттын өкүлдөрү, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жана КР жарандык авиациянын өкүлдөрү ажылык иштерин сүйлөшүү үчүн Сауд Аравияда жүрөт.

Белгилей кетсек, былтыр кыргызстандык зыяратчыларды Сауд Аравиянын Flynas авиакомпаниясы ташыган.