Милициянын үстүнөн эми WhatsApp аркылуу арызданууга болот

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына инспекторлордун жасаган мыйзам бузуулары боюнча мессенжер менен кайрылууга жол ачылды
Sputnik

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлорунун үстүнөн WhatsApp мессенджери аркылуу даттанууга болот. Бул тууралуу башкармалыктын сайтында маалымдалат.

Мас милиционер кабылган жол кырсыгы: кызматкер убактылуу кызматтан четтетилди
Даттануулар менен кайрылууларды 0706 96-09-00 телефон номерине жиберүүгө болот. Ошондой эле жаңы кызматтын (0312) 63-09-00 ишеним телефону иштеп жатат.

Укук коргоо органдарын реформалоонун алкагында Кайгуул милиция башкы башкармалыгы Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы болуп өзгөргөн. Андан сырткары, кызматкерлерге жаңы форма берилип, жаңы милдеттерди алышкан.