Сапар Исаков өлкө ичиндеги аба каттамдарынын баасын арзандатууну тапшырды

Өкмөт башчы автожолдорду кардан тазалап, унаалардын эркин жүрүшүн камсыздоо үчүн камдуу турууну милдеттендирди
Sputnik

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Сапар Исаков Транспорт жана жолдор министрилигине жергиликтүү авиакомпаниялар менен биргеликте кыш мезгилине карата ички аба каттамдардын баасын түшүрүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, 11-январь күнү Исаков кыш маалында автожолдордун ачык болушун камсыздоо маселесине арналган жумушчу кеңеш өткөргөн.

Мындан тышкары, өкмөт башчы автожолдорду тазалап, унаалардын эркин жүрүшүн камсыздоо үчүн камдуу турууну милдеттендирди.