Жээнбеков: быйыл ипотекалык насыя бардык жарандарга 8% менен бериле баштайт

Мамлекет башчы Нарын облусуна жумушчу сапары менен барган
Sputnik

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдан тарта Мамлекеттик ипотекалык компания турак жайларды сатып алууга насыяларды бардык каалоочуларга бере баштай турганын айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчы мындай пикирин Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кочкор районунун жашоочулары менен жолугуп жатып билдирген. 

Рабочая поездка в Жумгальский и Кочкорский районы Нарынской области президента Сооронбая Жээнбекова

"Быйыл, 2018-жылдан тарта, мамлекеттик кызматкерлер гана эмес, бардык каалаган КР жарандары ипотекалык насыяларды жылына 8 пайыз менен ала башташат. Ошондой эле келечекте ипотекалык насыялоонун пайыздык чени 6 пайызга чейин төмөндөйт", — деп Жээнбеков билдирген.

Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялады
Жергиликтүү тургундар өз учурунда социалдык, инфраструктуралык жана ирригациялык объектилерди куруу, ЕАЭБдин алкагында айыл чарба соода-сатыгы, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, азык-түлүк коопсуздугу тууралуу суроолорду узатышкан.

Ал эми президент бардык маселелер чечиле турганын, башкысы өлкөдө туруктуулук, ынтымак, талыкпаган эмгек болушу керектигин белгилеп өткөн.