БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. 12-январдан 16-январга чейин туруксуз аба ырайы сакталып турат. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Билдирмеге караганда, бул күндөрү көпчүлүк аймактарда кар жаашы, кээ бир райондордо катуу жаашы күтүлөт.
13-январда айрым жерлерде кар жаап, унаа жолдору тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Ал эми Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн —18…-23°, күндүз —5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн —30…-35°, күндүз —10…-15° суук болушу күтүлөт.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
14-16-январда көпчүлүк аймактарда кар жаап, айрым жерлерлерде катуу жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.
17-январда айрым жерлерде кар жаайт. Ал эми 18-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрбөй турганы айтылды.