"Акылдуу шаар" долбоорун Huawei ишке ашырат. Өкмөт келишимге кол койду

Документке кол кою иш-чарасына премьер-министр катышкан
Sputnik

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстандын өкмөтү "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу үчүн Huawei Technologies Co.Ltd Кытай компаниясы менен келишим түздү. 

Эки тараптуу келишимге кол кою иш-чарасы премьер-министр Сапар Исаковдун катышуусунда өкмөт үйүндө өттү. Бул боюнча түз инвестициялык келишим түзүлгөндүктөн тендер жарыяланган эмес. 

Исаков: жол эрежесин бузгандар менен катуу күрөш эми башталат
"Акылдуу шаар" — системасынын алкагында видео каттагычтар орнотулат. Бул системанын жардамы менен бийликтегилер кылмыш менен жол кырсыктарын азайтып, террористтик коркунучтарды алдын алууну көздөөдө. 

Видео көзөмөл Бишкек менен Ош шаарларына, Бишкек — Ош, Бишкек — Чолпон-Ата унаа жолу, ошондой эле "Манас" аэропортуна орнотулат. 

Инвестициянын көлөмү 60 миллион долларды түзүп, долбоорду ишке ашыруу жарым жылга созулат. 

"Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу зарылдыгын премьер-министр Сапар Исаков 2017-жылдын август айында жарыялаган. 

Компания программалык камсыздоону даярдаган адистерди даярдап, киберкоопсуздукка кепилдик берет.