БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясы башталганын Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Декларация тапшыруу өнөктүгү эки этап менен өтмөкчү: 1-мартка чейин – юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар өткөн жылы алынган кирешелер, же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүсү керек.
Ошол эле учурда 2018-жылдан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган, же ээлеген адамдар өз декларацияларын электрондук түрдө салык органына гана беришет. Эскерте кетсек, буга чейин эки жакка: кирешелери жана чыгымдары тууралуу декларацияны – Мамлекеттик кадр кызматына, Бирдиктүү салык декларациясын – Салык кызматына тапшырып келишкен.
Декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке жактарга 2000 сом жана юридикалык жактарга 10 000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.
Декларациялык кампания тууралуу толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 194 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.