ЖК вице-премьерликке Санжар Муканбетовдун талапкерлигин жактырды

Ал буга чейин Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөл кылуу кызматын жетектеп турган
Sputnik

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңеш вице-премьер-министрлик кызматка Санжар Муканбетовдун талапкерлигин жактырды.

Маммүлктүн жетекчилигине Ренат Түлөбердиев дайындалды
Анын талапкерлиги премьер-министр Сапар Исаков тарабынан жакында Улуттук банктын төрагалыгына дайындалган Толкунбек Абдыгуловдун ордуна сунушталган. Баяндама жасаган биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев жаӊы вице-премьер экономикалык тармакты, анын ичинде кирешелер менен чыгашаларды, банк тармагын тейлей турганын белгиледи.

Санжар Муканбетовдун талапкерлигин 98 депутат колдоп беришти.

Ал буга чейин Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөл кылуу кызматын жетектеп турган.