Татту Мамбеталиева премьер-министрге коомдук башталыштагы кеңешчи болду

Тийиштүү буйрукка премьер кол койду
Sputnik

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Татту Мамбеталиева премьер-министр Сапар Исаковго коомдук башталыштагы кеңешчи болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Мамбеталиева "Интернет саясаты жарандык демилге" коомдук фондусунун директору болуп иштейт.