Кыргызстандыктар визасыз бара ала турган өлкөлөр. Паспорт рейтинги

Кыргызстан Африканын үч өлкөсү менен бир сапта туруп калды
Sputnik

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстан Henley & Partners консалтинг компаниясынын 2018-жылга карата түзгөн паспорт рейтингинде 76-орунду ээледи.

Кыргызстан соода-сатык калган 10 өлкө: төрт жылда абал кандай өзгөрдү
КР жарандары үчүн 59 мамлекетке визасыз режим түзүлгөн. Рейтингдеги ордун Кыргызстан Түндүк Африканын Синегал, Кот-д`Ивуар жана Того сыяктуу үч өлкөсү менен бөлүшкөн.

Жарандары визасы жок эле 71 мамлекетке бара алган Казакстан 65-орунду ээлеген. Тажикстан менен Өзбекстан 81-сапта (бул өлкөлөрдө 54 мамлекет визасыз режим иштейт).

Тизменин башында Германия турат. Бул мамлекеттин жарандары 177 өлкөгө визасыз бара алат. Ал эми эң аягында визасы жок болгону 24 өлкөгө каттай алган Афганистан турат.