Кыргызстанда кышкы турсезон кеч башталды. Чыгымдар жазда эсептелет

Быйыл өлкөгө кар 27-декабрда гана жаады
Sputnik

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов видео көпүрө учурунда Кыргызстанда кышкы туристтик сезондун эмне үчүн кеч башталганына түшүндүрмө берди.

Жаманкулов быйыл өлкөгө кар 27-декабрда жаап, сезон 29-декабрда ачылганын кошумчалады.

"Сезон негизи 10-ноябрда эле башталып, расмий түрдө 10-декабрда ачылчу. Сезон үч айга созулат. Бир айды жоготтук. Кышкы турсезондун жыйынтыгын март-апрель айларында чыгарабыз. Ошентсе да бүгүнкү күнү түшө турчу акчанын үчтөн бир бөлүгүн жоготтук", — деди Жаманкулов.

Видео көпүрү Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өттү.