Бишкекте эреже бузган унаалар эвакуациялана баштады. Эмнелерди билүү керек

ЖККББ эвакуациянын баасын аныктады
Sputnik

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бишкекте туура эмес жерге токтогон унаалар эвакуацияланып жатат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖККББ) кабарлашты.

1 / 4
Бишкекте туура эмес жерге токтогон унаалар эвакуацияланып жатат.
2 / 4
Автоунааларды мажбурлоо жолу менен эвакуациялоо боюнча токтом өткөн жылдын апрель айынан тарта күчүнө кирип, "Эвакуатор" деген жаңы жол белгиси тийиштүү жерлерге коюлган
3 / 4
Ошондой эле милиция туура эмес жерге токтотулган унааларды ордунан жылдырбай турган блокираторлорду колдонууну пландаган.
4 / 4
Анткен менен бүгүнкү күнгө чейин иштин башталышы үчүн бардык процедуралар аткарыла элек.

Автоунааларды мажбурлоо жолу менен эвакуациялоо боюнча токтом өткөн жылдын апрель айынан тарта күчүнө кирип, "Эвакуатор" деген жаңы жол белгиси тийиштүү жерлерге коюлган. Ошондой эле милиция туура эмес жерге токтотулган унааларды ордунан жылдырбай турган блокираторлорду колдонууну пландаган. Анткен менен бүгүнкү күнгө чейин иштин башталышы үчүн бардык процедуралар аткарыла элек.

Кыргызстанда эң көп бузулган жол эрежелери
Эвакуация боюнча конкурсту "Портал групп" ЖЧКсы жеңип чыгып, "Аю Гарант" менен камсыздандыруу полиси боюнча келишим түзгөн. Ага ылайык, эгер эвакуация учурунда унаа зыян тартса "Аю Гарант" ээсине чыгымдарын төлөп бериши керек болот.

Белгилей кетсек, 7.21 "Эвакуатор" белгиси турган жерге токтогон унаалар эвакуацияланат. Мындай белгилер көйгөйлүү участкаларга, соода борборлорунун алдына орнотулган.

Эвакуацияга кеткен чыгымды унаа ээси өзү төлөөгө милдеттүү. Бирок анын суммасы 1350 сомдон ашпашы керектигин ЖККББдан маалымдашты.