Баласын ич талаштыра тепкен кишиге карата кылмыш иши кыскарды

Баласын тээп жиберген киши милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген болчу
Sputnik

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Өткөн жылы декабрь айынын аягында Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринен баласын ич талаштыра тепкен кишиге карата козголгон кылмыш иши кыскарды. Мындай өкүмдү Октябрь райондук сотунун судьясы Чыңгыз Адамкулов кабыл алды.

Сот отурумунда жабырлануучу тарап адвокаттардын катышуусу менен тосмо арыз жазып бергени айтылды.

Райондук соттун өкүмү он күндөн кийин күчүнө кирет.

Эшекке теңебейт! Бала тарбиялоодогу 7 "болбойт"
Ошондой эле сот жабырлануучуга тил каттын негизинде 10 күнгө чейин эч жакка чыкпоо керектигин эскертти.

Соттун чечими менен жабырлануучунун далил катары алынган кызыл күрмөсү менен кара топусу кайтарылып берилет.

Белгилей кетсек, 2-декабрда кызыл күрмөчөн киши кичинекей баланы карда жаткан жеринен ичке тээп жибергендиги тартылган видео тараган. Ошол эле күнү милиция кызматкерлери аны таап, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына алып барышкан. Райондук сот тарабынан аны тергөө иштери бүткөнгө чейин №1 тергөө абагына эки айга камакта калтыруу чечими чыгарылган.

Кийин анын Сокулук районундагы мамлекеттик каттоо кызматында иштей турганы аныкталып, кызматынан алынган.