Быйыл жалпы жарандык биометрикалык паспорт бериле баштайт. Документтин сүрөтү

Жаңы жабдыктар БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен алынган
Sputnik

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы быйылтан тарта жаңы жалпы жарандык (чет өлкөдө колдонулуучу) биометрикалык паспортторду бере баштайт. Бул тууралуу аталган кызматтан маалымдашты.

Начало производства биометрических загранпаспортов в Кыргызстане

Ал үчүн заманбап жабдык сатып алынып, орнотулду

Начало производства биометрических загранпаспортов в Кыргызстане

"Жасалма документ жасоочулар да илим менен техниканын заманбап жетишкендиктеринен пайдаланып келишет. Ушул сыяктуу көрүнүштөрдү алдын алып, документтерди жасалмалоого жол бербөө максатында коргоо элементтери дайыма өркүндөтүлүп жана коопсуздук деңгээли жогорулатылып келет. Ошол эле учурда документтерди жасоодо колдонулуучу материалдардын да коргоо элементтерин күчөтүү, ошондой эле жекелештирүүдө заманбап жабдык колдонуу зарыл", — деп айтылат маалыматта.

Начало производства биометрических загранпаспортов в Кыргызстане

Жалпы жарандык биометрикалык паспортторду жекелештирүү боюнча орнотулган жаңы жабдык саатына 300 паспортко тексттик маалыматтырды жана сапаттуу сүрөттөрдү басып чыгара алат.

Начало производства биометрических загранпаспортов в Кыргызстане

Калкты документтештирүүдө жаңы технологияларды киргизүү жана өндүрүштүк процесстерди оптималдаштыруу иши мындан ары да улантылмакчы.

Жаңы жабдыктар БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен алынган.