Түркияда кыргызстандык кызды зордуктаган киши 30 жылга эркинен ажыратылды

Полиция кызматкерлери көзөмөл камерасын карап чыккандан кийин кылмышкер колго түшүрүлгөн
Sputnik

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Түркияда 22 жаштагы кыргызстандык кызды зордуктап, тоноп кеткен эркек күнөлүү деп табылганын Haberler.com басылмасы жазды.

Арменияда 2-кабаттан кулаган кыргызстандык кыз Иранга мыйзамсыз өтүүнү көздөгөн
Маалыматка караганда, өткөн жылдын август айында беглисиз адам кыргызстандык студентти Сарыер районундагы "ИТУ Айазага" метрополитенинен чыгып келе жаткан жеринен токтотуп алып, коркутуп-үркүтүү жолу менен зордуктап, андан соң уюлдук телефонун алып кеткен. 

Окуя болгон жердин тегерегиндеги көзөмөл камераларын карап көргөндө, кызга кол салган киши Фатих Йылмаз аттуу жергиликтүү жаран болуп чыккан. 

Сот аны зордуктоо жана тоноо беренелери менен күнөөлүү деп таап, 30 жылга эркинен ажыратты.