Түндүк Корея менен Түштүк Корея жогорку деңгээлде сүйлөшүүнү баштады

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын элге жаңы жылдык кайрылуусунда өзөктүк куралды өнүктүрүү керектигин, ошол эле учурда Түштүк Корея менен болгон мамилени жөнгө салуу керектигин айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Түндүк Корея менен Түштүк Корея шейшемби күнү мамилесин жакшыртуунун жолдорун министрликтердин деңгээлинде талкуулоону баштады. Бул тууралуу РИА Новости Ренхап агенттигине таянуу менен билдирди.

Ага ылайык, жолугушуу Бишкек убактысы боюнча саат 7:00дө башталган.

Ким Чен Ын Түштүк Корея менен мамилени жакшыртууга бел байлады
Корея Республикасынын улуттук биригүү иштери боюнча министри Чо Мен Гюн башында турган делегация Ата мекендин тынчтык жолу менен биригүүсү кимитетинин төрагасы Ли Сон Гвон (Түндүк Корея) Пханмунджом сүйлөшүү пунктунда жабык тартипте жолугууда, ага журналисттер киргизилген эмес.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын элге жаңы жылдык кайрылуусунда өзөктүк куралданууну өнүктүрүү керектигин, ошол эле учурда Түштүк Корея менен болгон мамилени жөнгө салуу керектигин айткан. Андан сырткары, Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында боло турчу кышкы Олимпиада оюндарына өлкө спортчуларын катыштыруу боюнча сөз кылган. Расмий Сеул мындай пикирди колдой турганын дароо билдирген.

Чо Мен Гюн бир канча күн мурун журналисттерге берген маегинде сүйлөшүүлөр негизинен Түндүк Кореянын спортчуларын Олимпиада оюндарына катыштыруу жөнүндө болорун айткан.