Подмосковьеде өлтүрүлгөн КР жараны кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган

Эки мекендештин өлүмү боюнча тергөө ишин Россиянын укук коргоо органдары жүргүзө баштады
Sputnik

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Подмосковьеде өлтүрүлгөн кыргызстандыктардын бири Кыргызстандын укук коргоо органдарында кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган. Бул тууралуу ИИМдеги өздүк булак билдирди.

Москва облусунун Жуковский шаарында Наркомвод көчөсүндөгү Москва дарыясынын жээгинен эки кыргызстандыктын сөөгү табылган. Милиция аларды 30-декабрда туугандары кайрылгандан кийин издей баштаган.

Бишкекте үйгө кирип барып тургундарды коркутуп карактап кетишти
ИИМден билдиришкендей каза болгондордун бири буга чейин бир нече эпизоддор боюнча кылмышка шектелип кармалган, бирок жетиштүү далилдер болбогондуктан соттон акталып чыккан.

Өлтүрлгөндөрдүн экөө тең Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургундары болгон.

КР ИИМинин КМШдагы өкүлү Аскат Алиевдин айтымында, Россиянын тергөө комитети Кылмыш жаза кодексинин 105-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгоду.