Оштун мэри эттин баасын арзандатуу тапшырмасын берди

Учурда уй этинин бир киллограммынын дүң баасы 290 сом, чекене баасы 330 сомду түзөт
Sputnik

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаада эттин баасын арзандатуу үчүн тийиштүү жетекчилерге тапшырма берди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

8-январда күнү Ош шаарындагы баардык мекеме-ишканалардын жана мэриянын бөлүм башчыларынын катышуусунда жыйын болду. Анда шаарда сатылып жаткан эттин баасын арзандатып, туруктуу баа коюу талкууланган.

Мэр Кадырбаев борбордук базарда жана кичи базарларда эттин 330 сомдон сатылып жатышы шаардыктардын капчыгына оор келтирерин айтты.

"Этке болгон баа жогорулап жатат. Шаардыктардан келип түшкөн арыз-дооматтар да жок эмес. Ошондуктан бир жума ичинде тийиштүү кызматтар эттин баасын эсептеп туруктуу баа коюп бергиле", — деди мэр.

Белгилей кетсек, учурда уй этинин бир киллограммынын дүң баасы 290 сом, чекене баасы 330 сомду түзөт