НАРЫН, 9-янв. — Sputnik. Нарын шаарында хоккей боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат. 9-январда башталган турнир 10-январда аяктайт. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Мелдешке Казакстандан, Россиядан оюнчулар келишти. Кыргызстандын атынан "Ынтымак" курама командасы катышып жатат.
Турнир Ташболот Токтосунов атындагы жабык муз аянтында өтүп, Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесинин алкагында уюштурулган.
Жеңүүчүлөр эртең аныкталат.