Москвада киши колдуу болгон эки кыргызстандыктын сөөгү суу жээгинен табылды

Маркумдар 37 жана 38 жаштагы Оштун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылынан болушкан
Sputnik

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Москвада Кыргызстандын эки жараны киши колдуу болгон сөөгү суу жээгинен табылды. Бул тууралуу КМШ аймагында уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш иштерин координациялоо боюнча бюронун директорунун орун басары Аскат Алиев Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Алар 2017-жылдын 29-декабрында өз үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Бул боюнча маркумдун жакындары 30-декабрда Москва шаарынын полициясына арыз менен кайрылышкан.

"Биринин сөөгүн 30-декабрда Москва облусунун Жуковский шаарында Наркомвод көчөсүндөгү Москва дарыясынын жээгинен балыкчылар табышкан. Экинчиси да ошол эле жерден 7-январь күнү табылган. Экөө тең киши колдуу болгон", — деп жазган Алиев.

Подмосковьеде киши колдуу болгон кыргызстандыктар ким эле? Каргашанын чоо-жайы
Бул фактылар боюнча Москва облусунун Тергөө комитети тарабынан РФ Кылмыш жаза кодексинин 105-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Азыркы күндө полиция кызматкерлери менен бирдикте КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү кылмыштын бетин ачуу боюнча иштерди алып барууда.

Маркумдар 37 жана 38 жаштагы Оштун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылынан болушкан.