Радио

Кыштакбеков: 42 чакырымдык марафондо жеңишти эмес, марага жетемби деп ойлогом

Кытайда өткөн марафондо Адилет Кыштакбеков баш байгени багындырган. Ал 27 өлкөнүн жөө күлүктөрүн артта калтырып марага биринчи келген.
Sputnik
Кыштакбеков: 42 чакырымдык марафондо жеңишти эмес, марага жетемби деп ойлогом

42 чакырымдык марафондо жеңишти эмес, марага жетемби деп ойлогом. Бул тууралуу Адилет Кыштакбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Кыргызстандык спортчу 42 чакырым аралыкка чуркап 1469 спортчунун ичинен озуп чыккан.

"Баары күчтүү күлүктөр экендиги, жеңишке жетүү кыйын болору башынан эле белгилүү болчу. Алгач марага чейин жетсем экен деп ойлодум. Бирок машыктыруучум чыдоо менен ийгиликти багынтса болорун айтып, шыктандырды. Анан чуркап бара жатып Кыргызстанды, баары күтүп жатканын ойлодум. Алдыга чыккан сайын жеңиш көзүмө көрүнө баштады. Ошентип биринчи орунду багынттым", — деди Кыштакбеков.

Ал 12 жылдан бери жеңил атлетика менен машыгып келерин кошумчалады.

Абилет Кыштакбеков менен болгону маекти Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>