Шашылыш билдирүү: Кыргызстанда бейшембиден тарта бурганактап кар жаайт

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетиши ыктымал
Sputnik

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Өлкө аймагында 11-январдан тарта аба-ырайы кескин сууктайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлайт.

Кара түтүнгө ууланган Бишкектин асмандан көрүнүшү. Видео
11-январда мезгил-мезгили менен кар жаап, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар калың түшүшү мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетиши ыктымал.

Абанын температурасы кескин төмөндөйт. Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарында түнкүсүн 7…12, күндүзү 1…6 градус суук болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткенде түнкүсүн 3…8 градус нөлдөн төмөн болсо, күндүз 0…5 градус жылуу. Нарында түнкүсүн 9…14, күндүзү 1…6 градус суук болот.

Борбор калаада түндө 2…4 градуска чейин төмөндөсө, күндүз 0…2 градус жылыйт. Ош шаарында күндүз 4…6 градус жылуу болот.