Милиция: иш бөлмөдө мас болуп уктап жаткан кызматкер Ноокат РИИБдин жетекчиси эмес

Буга чейин социалдык тармакта Ноокат РИИБдин жетекчиси делген киши иш бөлмөсүндө уктап жатканы тартылган видео тараган
Sputnik

ОШ, 9-дек. — Sputnik. Иш бөлмөдө мас абалында уктап жаткан адам Ноокат РИИБдин жетекчиси Жигит Дубанаев эмес экендиги аныкталды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Жанна Сатарбаева билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармакта Ноокат РИИБдин жетекчиси делген киши иш бөлмөсүндө мас абалында уктап жатканы тартылган видео тараган.

Сатарбаеванын айтымында, видеодо көрсөтүлгөн Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн Ноокат РИИБине эч кандай тиешеси жок.

Статистика бөлүмүнүн "уктап калган" башчысы: шербетке уйку дарысы кошулушу мүмкүн
"Биринчиден Ноокат РИИБинде мындай аталыштагы бөлүм жок. Ал бөлүмдүн башчысы Расулбек Ташовдун милицияга эч кандай тиешеси жок. Мас абалында уктап жаткан эки адамдын бири Ноокат РИИБдин башчысы болушу мүмкүн деген маалымат текшерилди. Бирок Жигит Дубанаев эмес экендиги аныкталды", — деди Сатарбаева.

Ал ошондой эле мас абалында иш бөлмөсүндө уктап жаткан адамдардын милицияга тиешеси жок болгондуктан алардын аты-жөнүн тиешелүү тараптар текшерүүгө алышы керектигин кошумчалады.