Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15. Төрөй бериш керекпи же Алыбек алына жарашабы?

Кутман таң! Сыртта суук болсо да, көңүлдө, жүрөктө жылуулук өчпөсүн.
Sputnik

Калааны каптаган кара түтүн кайдан келет? Бул суроонун үстүндө азыр эл өкүлдөрүнөн тарта активисттерге чейин кызуу иштеп жаткан убагы. Айрымдары бул ТЭЦтен чыккан түтүн десе, кээ бири ага унаалардын көптүгү, жеке секторлор себепкер дешүүдө.

Кара түтүнгө ууланган Бишкектин асмандан көрүнүшү. Видео

Ал ортодо Улуттук энергохолдинг өзүнүн Facebook тармагындагы расмий баракчасына Бишкекти түтүн капташына ТЭЦ күнөөлүү эмес деп жазды.

Азыр калаада эмне көп? Унаа, чайкана, самсыкана, мончо, анан жаңы конуштар көп. Булардын баары экологиянын бузулушуна кедергисин тийгизбей койбойт да. Мен билгенден мончолордун көбүнө тигүү цехтеринен чыккан чүпүрөк-чапырак жагылат. Андан эмне таза түтүн чыкмак беле…

Кара түтүн эмнеден пайда болоорун жана кесепетин Sputnik Кыргызстан агенттигине биология илимдеринин доктору, эколог, профессор Эмил Шүкүров айтып берди.

Экологиябызга көңүл бурбасак болбойт. Антпесек өлкөдөгү сейрек кездешкен канаттуулар таптакыр эле жоголуп кетет.

Бизде минтип кыш келип, от жагылып жатса, Сиднейде учурда мээ кайнаткан ысык дейт. Ал жакта абанын температурасы +47 градуска жетиптир.

Биздин саясат айдыңында да "аба ырайы" абдан ысык. Экономика министри Артем Новиков менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовго өкмөт башчы Сапар Исаков сөгүш жарыялады.

Ошондой эле өкмөт аппаратынын ЕАЭБ боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Санжар Уметалиев менен кошо бөлүмдө иштеген беш кызматкер өз арыздарынын негизинде иштен кетишти.

Турмуш, жашоо ар кандай. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары кечээ жашоо-шарты начар жети баласы бар эненин тагдырына күбө болуп келди. Бир чети "алына жараша төрөбөйбү" деп ойлойсуң, бирок мотургайган балдарды көргөндө алардын да татыктуу жашоого укугу бар экенин ойлоп кетет экенсиң.

Өзгөчөлүк. Ар бир улут бири-биринен каада-салт, үрп адат, тили менен айырмаланат эмеспи. Анысы кандай кыргыз элинде дагы өзгөчө улуттук оюн бар. Ал аламан улак деп аталат. Оштун Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айылында жеке ишкер Жоомарт Акжол уулунун колдоосу менен дал ушул улуттук оюндун түрү уюштурулуптур. Ага миңге чукул улакчы катышып, (байгеге) 40 кой, 25 тай, 10 төө, эки унаа жана көк бөрүнүн алтын куру коюлган.

Жеңиш. Кечээ "Асман" теледолбоорунун финалы болуп, жеңүүчү аныкталды.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.93 (сатып алуу) жана 69.23 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.80 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.90 сом, ал эми дизель майы 40.40 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Оорубайлы!

Жакшылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.