Радио

Амантуров: жолдорду оңдоону жазда улантабыз

"Бишкекасфальтсервис" ишканасынын жетекчиси Мирлан Амантуров өткөн жылы Бишкекте 44,79 чакырым жол оңдолгондугун айтты
Sputnik
Амантуров: жолдорду оңдоону жазда улантабыз

Борбор калаадагы жолдорду оңдоо жазда улантыларын Мирлан Амантуров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ремонттолгон жолдордун сапаты жакшы.

"2017-жылы жаңы конуштарга газ алып кирүү жумуштары жүрдү. Мындан сырткары, суу түтүктөрүн оңдоо, канализацияларды ремонттоо иштерине байланыштуу жасала турган жолдор жазга калтырылган. Анткени асфальт төшөлгөн соң кайра ачып отурбайлы дедик. Калган жолдорду оңдоо жазда уланат", — деди Амантуров.

Ал 2017-жылы Бишкекте 44,79 чакырым жол оңдолгондугун кошумчалады.