Батыралиев митингден кийин №1 ҮМБнын директорун иштен алмай болду

Оорукананын кызматкерлери директорго чара көрүлсүн деген талап менен митингге чыгышкан
Sputnik

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Айдарбек Шакировду кызматкерлердин митингинен кийин кызматтан алмай болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди. 

Постановление об увольнении директора бишкекского центра семейной медицины №1 Айдарбека Шакирова

8-январда министрликтин алдына №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери митингге чыгып, директорго карата чара көрүлсүн деп талап коюшкан. Митингчилердин айтымында, Шакиров бир жылдын ичинде эле 102 кызматкерди эч себепсиз кызматтан алган.

"Эртең, 9-январда, ҮМБнын директору кызматтан алынат, тийиштүү буйрук бердим. Мындай маселелерди профсоюздун жардамы менен чечкиле", — деди Батыралиев.

Айдарбек Шакиров учурда бош эмес экенин айтып, окуяга түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.