Түштүк Кореяда жапайы каман тамак ичүүчү жайдагыларга кол салды

Түштүк Кореянын батышында жайгашкан Кенсан-Пукто облусунун Куми шаарында жапайы каман тамак ичүүчү жайга кирип барып кардарлардын үрөйүн учурган.
Sputnik

Жергиликтүү ЖМКлар окуя видеокөзөмөлдөгүчкө 1-январда түшүп калганын жазган.

Германияда кеңседе отурган тургундарга жапайы камандар кол салды
Тасмада көрүнүп тургандай жапайы жандык коомдук жайга кирип барып, үстөл, отургучтарды кулатып сүзүп кирген. Аны көргөн кардарлар "жүрөктөрү түшүп" ызы-чуу болушкан. Алардын көбү ресторандан качып чыгышса, айрымдары гана тамак ичкен үстөлдөргө жашынып аман калышкан. Ары-бери чуркаган каман акыры имараттан чыгып кеткен.

Аталган жайдын ээси Ли Энь-Ай жапайы каман кафеге тамактын жытынан улам кирип келиши мүмкүн деп божомолдогон.