Соцтармак кызыктары: назданган кыздын жоругу, индия ырын аткарган аксакал

Миңдеген адамды бир коктуга чогулткан аламан улак. Ондогон мал, эки автоунаа жана алтын кур үчүн кыл чайнашкан улакчылар. Мас абалында жол кырсыгына кабылган милиция кызматкери. Ушул жана башка окуялар узаган жумада соцтармакта кызуу талкууга алынды.
Sputnik

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Соңку учурларда интернет айдыңы адамдарды зериктирбей калды. Бири ырдап, экинчиси бийлеп, үчүнчүсү дагы башка өнөрүн көрсөтүп чыга калат. Sputnik Кыргызстан агенттиги артта калган аптадагы кызыктуу сүрөт, видеолордун топтомун сунуштайт.

1. Аргымактар көбүк бүрккөндө. Оштун Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айылында жеке ишкер Жоомарт Акжол уулу миңге чукул улакчынын катышуусунда аламан улак өткөрдү. Мелдеште соорунга (байгеге) 40 кой, 25 тай, 10 төө, эки унаа жана көк бөрүнүн алтын куру коюлган. Мындай масштабдуу оюн коомчулуктун көңүлүн буруп, кызыгып карагандар көп болду.

2. Аппак кар жамынган ээн талаа. Тоо койнунда эки бала бир эшекке учкашып бара жатат. Бул ирмем Чүйдүн Кызыл-Бирлик айылында тартылганы жазылган.

3. Мас милиционер руль башкарып… Бейшемби күнү Аламүдүн районунун тергөөчүсү мас абалында унаа айдап баратып каршы тилкеде келе жаткан машина менен кагышкан. Бул видео интернетке жарыяланып укук коргоочулардын жүзүнө көлөкө түшүргөндөй болду. Учурда аталган факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

4. "Ак аюунун" өчүн Тилек Жээнбеков алабы?.. Оор салмактагы кыргызстандык мушкер Тилек Жээнбеков украиналык Юрий Проценко менен беттешет. Украиналык мушкер жакында эле кыргызстандык Мыктыбек Мамасалиевди (Ак аюу) жеңип алган болчу. Экөөнүн беттеши 25-февралда Бишкекте өтөт.

5. Индия ырын ырдаган аксакал. Кадимки тойлордун биринде улгайган ата индия ырын куюлуштура аткарыптыр. Уксаңыз сиз да таң бересиз. Индия кинолорун көп көргөн окшойт.

6. Апасын эстеген Азамат. Жаш актер Азамат Уланов "Апамды издеп" тасмасынын саундтреги "Энекем" аттуу ырын уккан сайын ыйлайт экен. Мирбек Атабеков бул жерде да унчукпай калбай ырдап жиберип байкуш баланы кайра ыйлатты.

7. Милашка кыз. Болгон сулуулугун топтоп, жылмайып наздуу карап сүрөт, видеого түшкөн кыздарды социалдык тармактардан көрүп эле жүрөбүз. Бирок алар чыныгы жашоосунда кандай экенин билүү үчүн ушул видеону көрүш керек.

8. Виртуалдуу жашоого кирип кеткендер. Карасаңыз, бүт үй-бүлөсү менен телефонго үңүлүп отурушат. Сиздин дем алыш күнүңүз кандай өтөт?