БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Австралиянын Метеорологиялык кызматынын маалыматына караганда, учурда ысыктын күчү +47 градуска жетти. Бул 1993-жылдан берки эң жогорку температура болуп эсептелерин Sputnik Белоруссия жазып чыкты.
Мээ кайнаткан ысыктан улам бир нече адам ооруканага жактырылган. Бийлик болсо жарандарга өрт коркунучу жогору болуп жаткандыктан, сак болууга чакырды. Шаардын бардык жагында суу куйганга бекер идиштер таркатылып жатат. Ошондой эле от жагууга тыюу салынган.
Айрым интернет колдонуучулар ысык аба ырайына оптимисттик көз карашын көрсөтүп, пляжга барып сууга түшүүгө шарт түзүлгөнүн жазышкан.
Ал эми үй жаныбарларынын ээлери аларды ысыктан калкалоого аракет кылып жатышат.
Теннис оюнчулары дагы ысыкка чыдабай оюнду токтотууга аргасыз болушууда.