Жаныбызда көрүнбөй жашаган чымчыктар. Өлкөдөгү сейрек кездешкен канаттуулардын сүрөтү

Sputnik

Адистин айтымында, 15 жылдан бери сүрөтчүлүк менен алектенип келет.

"Алгач курт-кумурскаларды тартып жүрдүм. Адамдарга алардын өңүн, кебетесин көрсөтүүгө абдан кызыкчумун. Кийин кишилерди, тоолорду тартууга өтүп кеттим. Эки жыл мурда канаттууларга кызыга баштагам. Бирок алгачкы күндөрү кайсы чымчык экенин билбей кыйналдым. Качан гана казакстандык орнитологдор менен таанышканда бат эле бул жаатта "адис" болуп кеттим. Кыргызстанда канаттууларды сүйүүчүлөр биригип иш кыла турган интернет-ресурс жок экени өкүндүрөт", — деди фотограф.

Турковский казакстандык кесиптештери менен биргеликте жарым жыл мурда сайт ачкан.

Эми Кыргызстандын фаунасы боюнча китеп жазууну көздөп жатат.

Сүрөттөрдүн бардыгы 2017-жылы тартылган.

1 / 14
Кыш таранчысы майда балыктар менен тамактанат. Сүрөт Чүй өрөөнүндө тартылган
2 / 14
Аары жегич — аты айтып тургандай эле аарылар жана ошол сыяктуу курт-кумурскалар менен тамактанат. Сүрөт июнь айында Чүй облусунун Чоң-Арык айылында тартылган
3 / 14
Тибет каргасы — өтө сак, тоолуу аймактарда, деңиз деңгээлинген 2,5-5 миң метр бийиктикте жашайт. Сүрөт Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде ноябрь айында тартылган
4 / 14
Кызыл канат аска чымчыгы — бийиктиги 2,8-3,5 миң метр аска-зоонун арасын байырлайт. Сүрөт июнь айында Соң-Көлгө жакын жерде тартылган
5 / 14
Көк чулдук — суу жээктерин мекендейт. Сүрөт июль айында Соң-Көлдүн жээгинде тартылган
6 / 14
Гималай жорусу — үч же беш түгөй болуп биригип алып зоолордун арасында жашашат. Сүрөт май айында Чүй облусунун Чуңкурчак капчыгайынан тартылган
7 / 14
Көк карга — келгин куш, уясын бактын үстүнө дагы, жерге дагы сала берет. Сүрөт Бишкектен анча алыс эмес жерде июнь айында тартылган
8 / 14
Балта жутар — орточо салмагы 6,5 килограммга, канаттарынын узундугу үч метрге жетет. Негизинен сөөк менен тамактанат. Сүрөт Ысык-Көл облусунда декабрда тартылган
9 / 14
Бабырган — майда чымчык, курт-кумурска, кемирүүчү, кескелдирик, айтор, алдынан чыккан жандыктарды жей берет. Үйдүн чатырында, көпүрөнүн алдында, таштын арасында жашай алат. Сүрөт Чоң-Арык айылында август айында тартылган
10 / 14
Ак куу — келгин куш, айланасында камышы көп көлдөрдө жашайт. Сүрөт декабрда Ысык-Көлдө тартылган
11 / 14
Суу бүркүт — балыгы бар суулардан анча алыс эмес аймактарды байырлайт. Сүрөт ноябрь айында Чүй облусунун Озерное айылына жакын жерде тартылган
12 / 14
Кооз короолу — ийне жалбарактуу токойлордо кездешет. Сүрөт Чүй облусунун Кашка-Суу капчыгайында тартылган
13 / 14
Сары моюн короолу — ийне жалбарактуу токойлордо жашап, бактын тамырлары менен тамактанат. Сүрөт Бишкектен анча алыс эмес жайдан ноябрь айында тартылган
14 / 14
Фламинго — Кыргызстанда кышында же чымчыктар жер которуп жаткан мезгилде кездешет. Сүрөт Ысык-Көлдүн жээгинен декабрь айында тартылган