БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери Саламаттык сактоо министрлигинин алдына митингге чыгышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.
60га жакын киши министр Талантбек Батыралиев менен жолугууну талап кылып, борбордун директору Айдарбек Шакиевге карата чара көрүүнү суранышууда.
"Анын (Шакиев — ред.) иштегенине бир жылдай болду, бирок 102 кызматкерди себепсиз эле иштен алды. Андыктан министрден директорду кызматтан алуусун суранабыз", — деди митингге чыккандар.
Батыралиев митингге чыккандарды кабыл алып, жыйындар залына чогултту.