Пиренеи тоолорунда сноубордчу кар көчкү менен жарышка түштү. Видео

Сноубордчу досторунун кыйкырык сүрөөнү менен эптеп коопсуз жайга жетип алган.
Sputnik

Эми кар качан жаайт? ӨКМдин маалыматы
Пиренеи тоолорунда сноубордчу төмөн түшүп келе жатып, кар көчкүгө себеп болуп, өзү аман калган. Окуянын видеосун анын достору тартып алган.

Тасмада көрүнүп тургандай башында спортчу жакшы эле төмөн түшүп келе жаткан. Бирок дароо бурула калам деп кар көчкүнү пайда кылып, аз жерден анын алдында кала жаздаган.

Ага достору кыйкырык сүрөөн менен дем күч берип, жыйынтыгында сноубордчу коопсуз жайга жетип алган.