БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Өкмөт аппаратынын ЕАЭБ боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Санжар Уметалиев менен кошо бөлүмдө иштеген беш кызматкер өз арыздарынын негизинде иштен кетишти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына өкмөттөн билдиришти.
Уметалиевдин кызматынан бошотулушу боюнча тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгон.
Буга чейин Сапар Исаков "ЕАЭБдин Бажы Кодекси тууралуу Келишимди ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун даярдоодо милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн бир катар кызмат адамдарына сөгүш жарыялаган. Алардын катарында экономика министри Артем Новиков, Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов сөгүш алса, экономика министринин орун басары Баккелди Түмөнбаевге, бажы кызматынын орун басары Замирбек Ниязалиевге катуу сөгүш жарыяланган.
Ошондой эле өкмөттүн аппаратынын бир катар кызматкерлери анын ичинде Уметалиев кызматтан алынганы айтылган.
Сөгүш "ЕАЭБдин бажы кодекси боюнча келишимди ратификациялоо" жөнүндө мыйзам долбоорду даярдоодо ката кеткени үчүн жарыяланган.