Радио

Кабылбеков: камсыздандырылган унаа кырсыктаса чыгашасы толук төлөнөт

Камсыздандыруу боюнча эксперт Темирлан Кабылбеков унааларды бир жылга камсыздандырса болорун айтты
Sputnik
Кабылбеков: камсыздандырылган унаа кырсыктаса чыгашасы толук төлөнөт

Камсыздандырылган унаа кырсыктаса чыгашасы толугу менен төлөнөт. Бул тууралуу Темирлан Кабылбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, унааларды камсыздандыруунун баасы моторунун кубаттуулугуна жараша бычылат.

"Акыркы жылдары бизде унааларын камсыздандыргандар көбөйө баштады. Жол кырсыгы, дарак басып калуу сыяктуу унааны жабыркаткан окуялар болсо анда чыгаша толугу менен камсыздандырган компания тарабынан төлөнөт. Мисалы унааны дарак басып калып, чыгымы 100 миң сом болсо, компания ошол сумманы төлөп берет", — деди эксперт.

Кабылбеков айдоочу мас абалда болуп, жол кырсыгына кабылган учурда гана чыгаша төлөнбөй тургандыгын кошумчалады.