Элди телефон аркылуу алдап жүргөн киши №47 колониядан табылды

Үч үй-бүлө алдамчынын курмандыгы болгон
Sputnik

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) ички коопсуздук кызматы №47 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатып телефон аркылуу алдамчылык менен алектенген кишини аныктады. Бул тууралуу ЖАМК кабарлады.

Акча алмаштыруучу жайларда элди кантип алдашат. Тасмага түшкөн ыкмалар
Ата-энелерге оорулуу балдарын Түркиядан бекер дарылатууну сунуштаган алдамчы тууралуу маалымат интернетке тараган. Мындан улам ыкчам издөө иштери жүргүзүлүп, анын алкагында мурда бир нече жолу соттолуп, учурда алдамчылык жана абактан качуу беренелери боюнча жети жылдык жазасын түрмөдө өтөп жаткан киши кармалган.

Анын торуна үч үй-бүлө түшкөн. Ишенчээк ата-энелерден кылмышкер акча, тамак-аш, кийим-кече талап кылып келген.

Учурда материалдар ЖАМКтын тергөө башкармалыгына кылмыш ишин козгоо үчүн өткөрүп берилди. Ал эми кылмышкердин телефон менен колдонуусуна жол бергендер боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлө баштады.