Улуттук энергохолдинг: Бишкекти түтүн капташына ТЭЦ күнөөлүү эмес

ТЭЦ бөлүнүп жаткан заттардын сапатын жана көлөмүн көзөмөлдөп турурын энергохолдингден билдиришти
Sputnik

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Бишкекти түтүн каптап жатканына борбордук ТЭЦтин иши себепкер эмес экенин Улуттук энергетикалык холдинг өзүнүн Facebook тармагындагы расмий баракчасына жазды.

Холдинг белгилегендей, шаар тургундары калаанын абасын булгап жаткан кара түтүнгө нааразычылыгын билдирип жатышат.

Аталган компания aba.kg тирмекесинин маалыматына таянып, аба 7-январь күнү максималдуу булгангынан белгиледи.

"ТЭЦ түтүндү зыянсыздандырчу заманбап чыпкалар менен иштеп жатат. Муну Айлана-чүйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик тастыктаган. Бардык жабдуулар замандын талабына жооп берет", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле холдингден ТЭЦ бөлүнүп жаткан заттардын сапатын жана көлөмүн көзөмөлдөп турарын кошумчалашты.

Улуттук энергохолдинг абанын булганып жатканына жеке секторлордун көмүр жагышы себеп болуп жатканын билдирди.