Милиция баласын колго алып машина айдап бараткан аялды издеп жатат

Айдоочу аял бир баласын колуна алып, андан чоңураагын машинанын алдыңкы орунтугуна отургузуп алган
Sputnik

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери баласын колго алып машина айдап бараткан аялды издеп жатат. Бул тууралуу милициядан билдиришти. 

Бишкекте баласын колуна алып машина айдап бараткан аялдын видеосу

Кыргызстанда эң көп бузулган жол эрежелери
Күбө мамлекеттик номери 01 683 ABL болгон Honda үлгүсүндөгү машинаны айдап бараткан аял колуна баласын алып кетип бараткан видеону салган. Машинанын алдыңкы орунтугунда дагы бир бала отурган.

Административдик жоопкерчилик боюнча кодекске ылайык, машинанын алдыңкы орунтугуна 12 жашка чейинки балдарды отургузууга тыюу салынат. Бул үчүн 2 миң сом өлчөмүндө айып каралган.