"Асман" шоусунун жеңүүчүсү аныкталды

Сынакка 100дөй адам катышкан, финалда үчөө эле калган болчу
Sputnik

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. "Асман" шоусунун финалдык бөлүгүндө Жанар Туратова жеңишке жетишти.

Долбоордун алкагында үч финалист Айзана Усупбаева, Адилет Жумашев жана Жанар Туратова жарышка түшкөн.

Натыйжада Кыргыз музыкалык училищесинин 24 жаштагы студенти Жанар Туратова көрүүчүлөрдүн көпчүлүк добушуна ээ болуп жеңишке жетишти.

Ал Asylbashev Creative продюсердик борбору менен келишим жана 100 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын утуп алды.

Sputnik Кыргызстан долбоордун маалыматтык өнөктөшү болуп эсептелет.