Бишкекте баласын колуна алып машина айдап бараткан аялдын видеосу

Айдоочу аял колуна баласын алып алганы аз келгенсип, алдыңкы орундукка дагы бир баласын отургузуп койгон
Sputnik

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Баласын колуна алып, машина айдап бараткан аялды күбө видеого тартып алып, Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-каналына жиберди. 

Бишкекте баласын колуна алып машина айдап бараткан аялдын видеосу

Күбөнүн айтымында, окуя 6-январда саат 16:00дөр чамасында Курманжан датка (Горький көчөсү менен кесилишкен аймакта) көчөсүндө болгон.

Кыргызстанда эң көп бузулган жол эрежелери
Видеодо көрүнгөндөй мамлекеттик номери 01 683 ABL болгон Honda үлгүсүндөгү машинаны айдап бараткан аял бир баланы колуна кармап, экинчисин алдыңкы орундукка отургузуп койгон.

Күбө бул окуя боюнча милиция чара көрүшү керектигин айтып, балдардын коопсуздугу бардыгынан жогору болушу керектигин баса белгиледи.

Административдик жоопкерчилик боюнча кодекске ылайык, машинанын алдыңкы орундугуна 12 жашка чейинки балдарды отургузууга тыюу салынат. Бул үчүн 2 миң сом өлчөмүндө айып каралган.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.