КРдин Түркмөнстандагы элчиси Рустенбековдун жубайы каза болду

Рустенбеков 2014-жылдан тарта Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси болуп иштеп келет
Sputnik

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Жаныш Рустенбековдун жубайы Айгүл Осмонова узакка созулган оорудан улам 68 жашында көз жумду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министрликтин жетекчилиги менен жамааты Рустенбековдун туугандары менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтары билдирүүдө айтылат.

Эске салсак, Рустенбеков 2014-жылдан тарта Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси болуп иштеп келет.