Ысык-Көлдө Бабановдун бир тууганыныкы делген ресторан өрттөнүп кетти. Видео

Өрт бир топ коңшу үйлөргө да жайылган.
Sputnik

Бүгүн эртең менен Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жайгашкан "Осьминог" рестораны өрттөнүп кетти. Тилсиз жоонун видеосу соцтармакка жарыяланган.

Өрттүн видеосун интернетке биринчилерден болуп Турат Исалиев аттуу колдонуучу жайгаштырган.

Автор тилсиз жоо Бостери айылында таңга жуук 4.30дар чамасында болгонун жазган. Кырсык болгон жерде эки өрт өчүрүүчү унаа иштеген.

"Катуу үн чыкты. Өрт коңшу үч үйгө жайылып, экөө өчүрүлүп, бирөө дагы деле күйүп жатат. Кафе иштебегендиктен ичине электр жарыгы менен газ киргизилген эмес", — деп жазган автор.

Ал "Осьминог" рестораны саясатчы Өмүрбек Бабановдун бир тууганына таандык экенин кошумчалаган.

​Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымдагандай, өрт болжол менен эртең мененки саат 7:00дө өчүрүлгөн.

ТИМ: Новосибирскидеги өрттө 24 жана 27 жаштагы эки кыргызстандык каза болду
"Кырсыктан жабыркагандар жок. Кафе кызматкерлери милицияга өрт имараттын ичиндеги эки газ баллондон улам чыгышы мүмкүн экендигин айтты. Ал жайкы ресторан болгондуктан азыр иштебей турат. Ошондуктан жарылуу болгон учурда ичинде адамдар болгон эмес. Ресторан Чүй облусунун Лебединовка айылынын А.Т. Инаят аттуу 29 жаштагы тургунуна таандык экен. Ал эми анын ээси Өмүрбек Бабановдун бир тууганы деген маалымат азырынча тактала элек", — деди Усубакунов.

Учурда өрттүн себептери такталууда.