БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү айрым райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 2…7 градус, Ысык-Көлдө 1…6 градус жылуу болсо Нарында —4…-9 градус суук болот.
Бишкек менен Ош шаарларын туман каптап 5…7 градус жылыйт.