Сапар Исаков вице-премьерликке Санжар Муканбетовдун талапкерлигин сунуштоодо

Акыркы чечимди Жогорку Кеңеш кабыл алат
Sputnik

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Өкмөт башчысы Сапар Исаков вице-премьерликке Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматтын жетекчиси Санжар Муканбетовду көрсөтүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги ишенимдүү булак билдирди. 

Председатель Государственной службы регулирования и надзора за финансовым рынком КР Санжар Муканбетов

Маалыматка ылайык, анын талапкерлиги 9-январда парламенттин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде каралат.

Эгер аны комитет жактырса, акыркы чечим Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кабыл алынат.

Толкунбек Абдыгулов Улуттук банктын төрагалыгына дайындалгандан кийин анын орду — вице-премьерлик бош калган.