Ким Чен Ын Түштүк Корея менен мамилени жакшыртууга бел байлады

Ким Чен Ын эки мамлекеттин элдешүүсү корей элинин ички маселеси экенин, андыктан башка мамлекеттерге жардам сурап кайрылуунун кажети жоктугун айтты
Sputnik

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Түштүк Корея менен мамилени жөнгө салуу үчүн шарт түзүүгө чакырды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Кореянын Борбордук телеграф агенттигине таянуу менен билдирди.

"Түндүк менен Түштүктүн мамилесине буга чейин болгон окуялар таасир бербеши керек. Эки жактын мамилесин жакшыртып, кошулуу жаатында иштерди илгерилетиш керек", — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле бул жерде Пхеньян менен Сеулдун мамилесин жөнгө салуу жөнүндө гана сөз болбостон, улуттардын элдешүүсү боюнча дагы кеп болуп жатканы айтылат.

Ким Чен Ын Түштүк Корея менен "тынымсыз байланыш" ачууну буюрду
Билдирүүдө белгиленгендей, эки тараптын бирдей аракетинин аркасы менен гана бардыгы ишке ашышы мүмкүн. Ким Чен Ын ошондой эле эки мамлекеттин элдешүүсү корей элинин ички маселеси экенин, андыктан башка мамлекеттерге жардам сурап кайрылуу талап кылынбай турганын айткан.

Буга чейин эки Корея көп убакыттан бери биринчи жолу атайын канал аркылуу сүйлөшүп, анын ичинде Түндүк Кореянын спортчуларын Пхенчханда боло турчу Кышкы олимпиада оюндарына катыштыруу маселеси талкууланган.

Өз кезегинде АКШ президенти Дональд Трамп Сеул менен Пхеньяндын сүйлөшүүсүн колдой турганын билдирген. Ал ошондой эле эки мамлекеттин жакындашуу аракетине АКШдагы кийлигишүүсү мүмкүндүгүн айткан.