Рустенбеков Жаныш Султанкулович — өмүр баяны

Жаныш Рустенбеков 1949-жылы 25-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Октябрь айылында туулган.
Sputnik

1973-жылы Москва энергетикалык институтун аяктаган.

Эмгек жолу:

1973 – 1975 – "Киргизглавэнерго" ишканасында инженер, башкы инженер;

1975 – 1977 — Ленин коммунисттик жаштар союзунда инструктор, сектор башчысы;

1977 – 1981 — Фрунзедеги Ленин райондук комитетинде Ленин коммунисттик жаштар союзунда биринчи катчы;

1981 – 1984 — Кыргызстан коммунисттик партиясынын Ленин райкомунда өнөр-жай бөлүмүнүн башчысы;

1984 – 1987 — Кыргызстан коммунисттик партиясынын Фрунзе шаардык комитетинде партиянын уюштуруу бөлүмүнүн жетекчи орун басары;

1987 – 1992 — Бишкек шаарынын Биринчи май районунун аткаруучу комитетинин башчысы;

1992 – 1993 — Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун акими;

1993 – 1994 — КР президент аппаратында мамлекеттик катчылык менен аппарат жетекчилигин бирге алып кеткен;

1994 – 1995 —Мамлекеттик катчы;

1995 – 1996 — Ош облусунун губернатору;

1996 – 2000 — Мамлекеттик токой чарба агенттигинин директору;

2000 – 2005 — Жогорку Кеңеште эл өкүлдөр палатасынын депутаты;

2005 — КРдин Экология жана өзгөчө крыдаалдар министринин милдетин аткаруучу;

2005 – 2007 — Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

2007 – 2011 —Кыргызстандын Казакстандагы элчиси;

2014 – жылдан тарта Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси.

2018-жылдын 7-январында жубайы Айгүл Осмонова узакка созулган оорудан улам каза болгон.

Эки кыздын атасы.

Кыргызстандын ыйгарым укуктуу элчиси рангы бар.