Куурулган балыкка жан киргенде. Соцтармакты ызы-чууга түшүргөн видео

Куурулган балык кыймылга келген видео учурда интернетте популярдуу болууда.
Sputnik

Таң калычтуу тасма The AIO Entertainment YouTube каналына жарыяланган.

Окуя Кытайдын Хунань облусундагы жергиликтүү компаниянын корпоративинде болгон. Видеодо көрүнүп тургандай, табактагы куурулган балык кыймылдап жиберген.

Австралия: жолдун ортосунда чапчышкан эки жаныбар унааларды өткөрбөй койду. Видео
The Independent басылмасынын маалыматына ылайык, аталган видео интернетте кызуу талкуу жаратууда.

Колдонуучулардын айрымдары балык туура эмес союлуп, тазаланган десе, кээ бири жакшылап куурулбай калган деп кызыл чеке түшүшкөн.

Басылманын версиясына таянсак, мээси менен жүрөгү токтогондон кийин деле балыктын булчуңдарынын клеткалары ар кандай учурларга реакция кылууга жөндөмдүү.