Радио

Сабырбеков: Бишкектеги айдоочулардын 48 пайызы жол эрежелерин билишпейт

Борбор Азиядагы Америка университетинин курчап турган чөйрөнү иликтөө жана өнүктүрүү борборунун директору Рахат Сабырбеков айдоочулардын 77 пайызы пара берээрин айтты
Sputnik
Сабырбеков: Бишкектеги айдоочулардын 48 пайызы жол эрежелерин билишпейт

Бишкектеги айдоочулардын 48 пайызы жол эрежелерин билишпейт. Бул тууралуу Рахат Сабырбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаш айдоочулар параны көп беришет.

"Бишкек шаарындагы 1000 айдоочунун арасында сурамжылоо жүргүзүп, атайын иликтөөлөрдү жасадык. Булар кокустан тандалган айдоочулар. Андыктан жалпы айдоочулардын пикирин билдирет десек болот. Ага ылайык, жол кырсыктарынын 70 пайызы катталбай тургандыгы аныкталды. Анткени айдоочулар маселени өз ара эле чечишип алышат", — деди Сабырбеков.

Ал айдоочулардын 48 пайызы жол эрежелери боюнча суроолорго жооп бере албагандыгын кошумчалады.