Бишкекте эки Mercedes кагышып, бир адам көз жумду

Жол кырсыгы 6-январь күнү болжол менен 19:45те болгон
Sputnik

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Борбор калаада бир адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине милициядан билдиришти.

Бишкекте мас милиционер жол кырсыгына кабылды. Кырсыктан кийинки видео
Окуя 6-январь күнү болжол менен саат 19:45 чамасында Лев Толстой менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

Маалым болгондой анда Mercedes үлгүсүндөгү эки унаа кагышып, бир адам каза болуп, үчөө жаракат алган.

Аталган факты боюнча тийиштүү экспертиза дайындалды.